Биз менен байланышыңыз

Парламенттин жыйынында депутаттар сөгүшө кетти

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 748 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Дастан Бекешев менен Бактыбек Райымкулов сөгүшө кетти. Жыйын маалында Райымкулов Бекешев отурган жерге барып, оозго алгыс сөздөр менен айтышты.

Ал арада депутат Райымкулов микрофонго чыгып, бейөкмөт уюмдардын бюджетин көзөмөлдөй турган мыйзам долбоору эки окуудан өтүп токтоп калганын, аны үчүнчү окууга киргизүүнү төрагага сунуштады. Ал бейөкмөт уюмдар ар кандай митингдерди уюштуруп жатканын, алардын бюджетин көзөмөлгө алган мыйзам долбоорун кабыл алууну тездетүү керектигин билдирди.

Ага чейин депутат Бекешев: «Кээ бир депутаттар коррупционерлерди колдоп митингге чыгып, бул жакта бийликке кошомат кылып жатат», — деген.

Ага катар эл өкүлү Таабалды Тиллаев депутаттарды бирөөнүн жүрүм-турумуна кийлигишпей жүрүүгө чакырды.

«Мен кээ бир кесиптештериме кайрылам. Ким кайсы митингге чыгып, кимди колдойт, ал өзүнүн иши. Ал өзүнүн жүрүм-туруму менен жооп берет. Арабызда «гейлерди» колдоп жүргөн да кесиптештерибиз бар. Бул жерде ар кандай саясат кылбай, кесиптештерге тийишпей жүрсөк», — деди Тиллаев.

Белгилей кетсек, депутаттар Бактыбек Райымкулов менен Таабалды Тиллаев 28-февралда Ош шаарында Райымбек Матраимовду колдоо митингине катышкан эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM