Биз менен байланышыңыз

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кароо сунушталды

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 525 | 0

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кийинки аптада үчүнчү окууга киргизүүнү сунуштады.

Ал бейөкмөт уюмдар ар кандай митингдерди уюштуруп жатканын, алардын бюджетин көзөмөлгө алган мыйзам долбоорун кабыл алууну тездетүү керектигин билдирди.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоор эки окуудан өтүп келип токтоп калган. Үчүнчү окууда турат. Ушуга протоколдук тапшырма берип койсоңуз. Комитет эмне үчүн алып чыкпай жатат? Биз социалдык комитеттен мыйзамды кийинки жумада алып чыгууну суранат элек. Анткени, бир эмес, эки окуудан өткөн. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар арасында батыштын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдерди уюштуруп жатышат. Ошолор ар бир кылган иши үчүн жооп бериши керек. Биз ал жерде бейөкмөт уюмдар бир жылдагы иши боюнча маалымат берсин дегенбиз», — деди Райымкулов.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору былтыр 18-июнда экинчи окуудан өткөн. Мыйзам кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар жыл сайын Өкмөт аныктаган тийиштүү форма боюнча каржы булактары жана анын сарпталышы тууралуу отчет берип турушу керек болот. Көрсөтүлгөн талаптар бузулса, жоопкерчилик каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM