Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Өкмөттөн азык-түлүктүн, күйүүчү майдын баасын түшүрүүнү талап кылышты

Кыска кабар , Экономика | 4 Мар 2021 | 810 | 0

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү өлкөдөгү азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын кескин кымбаттап кеткенине тынчсызданышып, Өкмөттү тез арада чара көрүүгө чакырды. Алар өлкөдө айлыкка, пенсияга салыштырганда, базар баасынын жогорулоосу элге оорчулук жаратарын эске салды.

Алсак, депутат Тазабек Икрамов маселеге Өкмөттүн көңүл бурбай жатканын сындады.

«Дүйнө жүзүндө мунайдын баасы арзандап жатат. А бизде күндөн күнгө көтөрүлүп келет. Жазгы талаа иштери башталды, дыйкандарга күйүүчү май жетишпейт. Өкмөт буга бир да чара көргөн жок. Андан тышкары азык-түлүктүн бардык түрү кымбаттап кетти. Антимонополия кызматы эмне кылып отурат? Өкмөт эмне кылып отурат? Кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүп, бааларды түшүрбөйсүңөрбү? Эл буга муктаж болуп турат», — деди Тазабек Икрамов.

Ал эми депутат Таабалды Тиллаев азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн баасы 64 пайызга жогорулап кеткенин эске салып, мындан тышкары Лейлек районунда бензиндин наркы 48-50 сомго көтөрүлгөнүн билдирди.

Депутат Улан Примов да күнүмдүк керектелүүчү буюмдарга, дары-дармекке, азык-түлүккө болгон баа өсүп кеткенине Өкмөт чара көрүүсү зарылдыгын эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM