Биз менен байланышыңыз

«Чек ара боюнча Өкмөттүк комиссия маселени өздөрү түшүнбөйт»

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 579 | 0

Чек араны тактоо боюнча Өкмөттүк комиссиянын кызматкерлери мамлекеттик чек ара боюнча маселени өздөрү түшүнбөйт. Мындай пикирин бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев билдирди.

Ал чек араны тактоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүн кайрадан карап көрүү керектигин айтты. Ошондой эле өлкө эгемендик алгандан бери 32 өкмөт алмашкандыктан, аны менен кошо мамлекеттик чек ара боюнча топтун курамы өзгөрүп, маселени түшүнбөгөн адамдар келип жатканын кошумчалады.

«Алар өлкөлөр аралык жолугушууга даярдыгы жок барышат. Картаны да билбейт. Кошуна мамлекеттин өкүлдөрү биздикилерди: «Даярдыгы жок келишет, ким менен сүйлөшөбүз, кантип сүйлөшөбүз?» — деп жатат. Комиссиянын курамын карап чыгып, жерди мыкты билген адистерди киргизүү керек», — деди Азизбек Турсунбаев.

Депутат Турсунбаев мындан тышкары, жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин, ошондой эле чек араны тактоо ишин тездетүү зарылдыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 18-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу март айынын биринчи он күндүгүндө, Өзбекстан менен экинчи он күндүгүндө жанданарын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM