Биз менен байланышыңыз

40 тоннадан ашык күйүүчү майды чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 944 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 1-мартта Лейлек районунун аймагы аркылуу чек арадан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан 4 жүк ташуучу унааны кармады. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган аткез жүктөрү чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында бөгөттөлгөн.

Маалыматтар боюнча, кармалган автоунаалар мунайзат ташууга ылайыкташкан атайын идиштер менен жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын өздүгүн тактаган документтери болгон эмес. Табылган күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон.

Ошондой эле коңшу республиканын бир жаранына таандык кармалган унаа аткез жүктү жашыруу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонгон.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өкмөттүн 1-марттагы токтомуна ылайык, Кыргызстандан ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM