Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик иш сапары жыйынтыкталды (сүрөт)

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 690 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга жасаган мамлекеттик иш сапары жыйынтыкталды.

Эки күндүк иш сапар Жапаровдун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусунан башталды. Анда өлкө башчылары чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, биргелешкен өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты. Мунун натыйжасында бир катар документтерге кол коюлду. Ошондой эле биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Президент Садыр Жапаров мындан тышкары Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушту.

Иш сапардын экинчи күнүндө Жапаров Казакстандын бизнес коомчулугу жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен баарлашты; Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановго мамлекеттик сыйлык — «Достук» орденин тапшырды.

Мамлекеттик сапар президенттердин «Астана» эл аралык каржы борборуна баруусу менен жыйынтыкталды.

 

Copyright © 2017 Maral FM