Биз менен байланышыңыз

«Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды»

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 384 | 0

Лейлек районуна күйүүчү май жеткирилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 3-мартта Лейлек районундагы май куюучу жайлар 589 миң 60 литр солярка, 41 миң 750 литр Аи-80, 170 миң 600 литр Аи-92, 7 миң литр Аи-95 маркасындагы бензин менен толукталып, күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410 литрди түздү.

Учурда Исфана шаарындагы май куюучу жайларда кезек күткөн унаалар жок, бензин 45,5 сомдон сатылууда.

Аймакта бул күндөрү соляркага муктаждык жок, дээрлик бардык май куюучу жайлар камсыздалып, жазгы талаа жумуштары тоскоолдукка учураган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM