Биз менен байланышыңыз

Марипов: Кыргызстанда жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлору ачылат

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 386 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) ишин жакшыртуу жана санын көбөйтүү боюнча кеңешме өткөрдү.

«Калктын муктаждыктары менен иштөөдө натыйжалуулукту максималдуу камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтарды алууда жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ишине карата аймактардан көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Бир документ үчүн адамдар бир башынан экинчи четине чейин барууга аргасыз болушууда, райондордо документтерди берүүдө борборлоштуруу жок. Ошондуктан санариптик трансформациянын алкагында пландаштырылган бардык иш-чараларды тездетүү, инновациялык маалыматтык технологияларды киргизүү, көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу өтө маанилүү», — деди Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, 2021-жылы өлкөдө бир катар калкты тейлөө борборлору ачылат:

— 1-апрелге чейин Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында;

— 1-апрелге чейин Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында;

— 10-апрелге чейин Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектиси, 381 («Эльдорадо» соода борборунун мурдагы имараты) дарегинде;

— 20-апрелге чейин Лейлек районундагы Исфана шаарында;

— 1-майга чейин Ноокат районундагы Зулпуев айылдык округунда;

— 1-майга чейин Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарында;

— 1-июнга чейин Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында;

— 1-июлга чейин Араван районундагы Араван айылында КТБ, ал эми 20-апрелге чейин Бишкек шаарында универсалдуу тейлөө борбору ачылат.

Учурда өлкө аймагында 26 калкты тейлөө борбору иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM