Биз менен байланышыңыз

Көлбаев атайын эсепке 49,6 млн сом которуп, дагы 200 млн төлөөгө милдеттендирилди

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 613 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин тил кат менен абактан чыгышы тууралуу түшүндүрмө берди.

Мекеме билдиргендей, былтыр 22-октябрда кылмыштуу топторду түзүү фактысы боюнча кримтөбөл Көлбаев кармалып, ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Камакта кармоо мөөнөтү 22-мартка чейин узартылган.

Тергөө учурунда шектүүнүн жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө апелляциялык арыз берген. Буга байланыштуу 2-мартта Бишкек шаардык соту жактоочунун жүйөлөрүн жана иштин учурдагы жагдайларын эске алып, адвокаттардын арызын канааттандырган. Тактап айтканда, Көлбаевден жашаган жеринен кетпөө боюнча тил кат алып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Тил каттын аткарылышын көзөмөлдөө УКМКга жүктөлүп, көрсөтмөнү бузуу катталса, ага карата катаал чара колдонулары түшүндүрүлгөн.

УКМК Камчы Көлбаевге кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу фактысы менен иш козгоп, мамлекетке 250 млн сом өлчөмүндө зыян келтиргенин аныктаган. Тергөө жүрүп жаткан учурда шектүүнүн туугандары аманат эсепке 49,6 млн сом которгон. Мыйзамсыз кирешенин калган бөлүгүн тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, башкача айтканда, апрелдин аягына чейин бюджетке кайтарып берүүнү милдеттендирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM