Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы кармалды

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 430 | 0

Коррупциялык схемаларды түзгөн деген шек менен Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы Сталбек Калмаков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндөгү маалыматтарга ылайык, 2018-жылы департаменттин кызмат адамдары сот аткаруучу кызматтын бөлүмдөрү үчүн «Сот тутумунун карызкорлорунун реестри» автоматташтырылган маалыматтык системаны, ошондой эле башка программаларды иштеп чыгуу боюнча формалдуу тендер өткөрүп, IT-компаниялар менен 4 миллион 84 миң 500 сомго жасалма келишим түзгөн. Айтылган программалар Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан ага чейин эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.

Статс-катчы бул кылмыштуу системага тийиштиги бар деген шек менен кармалды.

УКМК мындан тышкары, IT-компаниялардын бири жергиликтүү сот тутумун иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча башка кылмыш ишинде каралып жаткандыгын, ага шектүү Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM