Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратты

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 614 | 0

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Сот депутат Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Сот бүгүнкү отурумунда «Текебаевге депутаттык мандатын берүү жөнүндө» БШКнын токтомун жараксыз деп тапкан Бишкек шаардык административдик соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Саясатчы былтыр 15-октябрда Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп келген.

Кийинчерээк, жарандык активист Темирлан Ормуков «Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган» деген негизде сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту БШКнын мандатты кайтаруу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.

«Ата-Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган. Боршайком арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырып, ага мандат берилген.

Боршайком Текебаевге депутаттык мандатты кайтарып берүү мыйзамдуу болгонун белгилеп, 5-февралда Жогорку Сотко кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM