Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Парламенттин 80 пайызы Жапаровго кошомат кылууда

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 535 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев парламент депутаттарынын 80 пайызы Садыр Жапаров президент боло электе ага жолобой, азыр тескерисинче, ага кошомат кылып калганын айтты.

«Азыркы парламент 3 президентти көрдүк. Капа болбогула, 80 пайызыңар ушул 3 президентке кошомат кылып эле жүрдүңөр, аны коргоп, таламын талашып. Эгер аларды эл кууса, биринчилерден болуп качып жүрөсүңөр. Жанына жолобой, анын атын атабай коесуңар. Талант Турдумаматович, эсиңиздеби, 5-апрелде сиздин сунушуңуз менен Садыр Нургожоевичге түрмөгө барганбыз. Ушул жерде азыр кошомат кылып жаткандар жаныбыздан качып кетти эле го? Ошондо президент Атамбаев болчу. Ошондо сиз, мен, депутат Бакчиев үчөөбүз гана барганбыз», — деди Жээнчороев.

Депутат ошондой эле, Конституция каралып жаткан учурда эл өкүлдөрүнүн сүйлөө убактысын чектебөөнү, ага дыкат көңүл буруу керектигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM