Биз менен байланышыңыз

Каныбек Иманалиев жаңы Башмыйзамдагы каталарды санап берди

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 1314 | 0

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеште депутат Каныбек Иманалиев жаңы даярдалган Башмыйзамдын долбоорундагы бир нече каталарды санады. Эл өкүлү долбоор боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбековго «Жаңы Конституцияны даярдаган кеңешме азыркы мыйзамдарда каралганбы?» деген суроосун узатты. Иманалиев Конституциялык кеңешме боюнча атайын мыйзам жок болгондуктан, алар даярдаган Башмыйзам да жараксыз экенин эскертти.

«Өткөндө Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев: «Иш үстүндө дайыма 30 адам отурдук», — деп айтты. 6 млн элдин атынан 30 киши Башмыйзамды жазганга канчалык укугу бар? Конституция Бишкектен башка бир да аймакта талкууланган жок. Демек, Бишкектин эле Конституциясы болуп калды. Анын биринчи эле бетинде 8 ката бар экен. Биринчи, «укуктук үстөмдүүлүгүнүн, укуктуулугунун, адилеттүүлүгүнүн» деп кыргызда эч качан айтылбайт. Экинчи, «табият менен таттуу мамиле» деп жазгансыздар. Юдахиндин, Карасаевдин сөздүгүн караңыздар, «таттуу мамиле» деген сөз жок. «Табият менен эриш-аркак» деп айтылат. Сиздер кыргыз тилин шылдың кылып жатасыздар. Үчүнчү, «Кыргызстан элинин атынан президент, Жогорку Кеңеш гана чыга алат» деп турат. Каякка чыгат, эшиккеби, баккабы, космоскобу?», — деди депутат.

Каныбек Иманалиев Башмыйзамдын долбоорун кароо үчүн Жогорку Соттун жана Өкмөттүн корутундусу берилиши керектигин, корутунду азыркы учурда берилбегендиктен, аны кароого мыйзам жол бербестигин билдирди. Ошондой эле Конституциялык кеңешмеден парламенттин макамы жогору турарын, андыктан өзгөртүү киргизилиши зарыл экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM