Биз менен байланышыңыз

180 млн сом. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшкөн башкармалыктын башчысы кармалды

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 439 | 0

Коррупциялык иштерге байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. кармалды. Бул иш мартта УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аткарылды.

Такталгандай, Финполициянын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланышып, жарандар менен сүйлөшүп алышып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды өлкөдөн чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Ушул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргызстандан 59,5 миллиард сом сыртка ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон.

Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM