Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын калкын эмдөөгө кызыкдар

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 562 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук жана Банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хасан Накви менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө өлкөдө болуп жаткан ички саясий процесстер жана алдыда боло турган жана учурда жүрүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берди.

Кыргызстанды өнүктүрүү артыкчылыктары жана Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызынын портфелин диверсификациялоо жана Дүйнөлүк банк тарабынан өлкөгө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө колдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары калкты эмдөө, «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумуна даярдык көрүү, өндүрүмдү сертификациялоо жана сапат системасы боюнча аймактык долбоорлорду түзүү маселелери каралды.

Өз кезегинде, Лилия Бурунчук Кыргызстан калкын коронавируска каршы эмдөө, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жана суу менен камсыздоо сыяктуу демилгелерди колдоого Дүйнөлүк банк кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын Дүйнөлүк банктын тобу менен «жашыл экономикага» басым жасоо менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатууга жана кошумча нарк аркылуу калкты жумуш менен камсыздоо чынжырчасын түзүүгө түрткү берген аймактык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган долбоорлорго күч-аракеттерди бириктирүү тууралуу макулдашты.

Орто мөөнөттүү кызматташтык стратегиясын актуалдаштырууга өзгөчө көңүл бурууну чечишти жана жогоруда көрсөтүлгөн бардык аспекттер боюнча андан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM