Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Усубалиев улуттук кылган театрды «Ленинге» өзгөрттүк

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2021 | 1340 | 0

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышы өзгөртүлдү. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов 22-февралда кол койгон.

Маалыматка караганда, театр мындан ары «А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» деп аталат.

Улуттук театрдын атынын өзгөртүлүшү коомдо чоң талкуу жаратып жатат. Саясатчы Жеңиш Молдокматов бул аракетти Орусияга жагынуунун жеткен чеги катары баалады.

— Советтер Союзу күчүндө туруп, мамлекеттин үстүнөн өтө чоң көзөмөл болуп турганда ошол кезде Турдакун Усубалиев атайын каражат бөлдүрүп, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук маданият үйүн курдурган. СССР күчүндө турганда улуттук наам берилген, эми көз карандысыз мамлекет болуп туруп, Лениндин атын кошуп койдук.

Турдакун Усубалиевдин жасап кеткен ишин булар шылдыңдап жатат, бул — уят иш. Жок дегенде ошол кишини сыйлап коюшса болмок. Эми Лениндин атын кошуп койгондон кийин опера жана балет театрын улуттук деп айтканга болбойт.

Кылыч берди, ошону менен эле чектелсе болмок. Театрдын аталышы боюнча буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду деп жатасыңар, бул Садыр Жапаровдун буйругу менен жасалып жатат.

Кыргызстандагы жалгыз опера жана балет театры 1937-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театр болуп уюшулган.

1939-жылы Кыргыз искусство ишмерлеринин Москвада өткөн он күндүгүндө Ленин ордени менен сыйланган.

1942-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры болуп кайрадан түзүлгөн.

1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө чыгармачылык ийгиликтери үчүн театрга академиялык деген наам берилген.

1978-жылы театрга СССРдин эл артисти, композитор Абдылас Малдыбаевдин ысымы, 2000-жылы улуттук макамы ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM