Биз менен байланышыңыз

Майып балдар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Коом , Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 1042 | 0

БУУнун «Өнүктүрүү» программасынын алкагында Уюмдун Балдар фонду — ЮНИСЕФтин колдоосу менен «Technoland» коомдук фонду тарабынан Кыргызстандагы дүлөй балдардын билим алуусуна шарт түзгөн «ДИЛГИР» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде иштейт. Бул биринчи кезекте майып балдардын үй-бүлө жана башкалар менен баарлашуусундагы тоскоолдуктарды жоюп, коомго аралашуусуна мүмкүнчүлүк, окуу процессин тездетүүгө түрткү берет.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Абдрахманованын айтымында, тиркеме балдардын үйдөн отуруп, онлайн-практика кылып туруусуна ыңгайлуу.

«Угуусу начар жаш балдар үчүн зарыл. Карантин учурунда мектепке барышкан жок. Ошол себептүү үйдөн практика кылып туруусуна көмөк көрсөтөт. Онлайн окууда үйдөн өз алдынча даярданбаса, балдардын билим деңгээлинин көрсөткүчү төмөндөйт. Март айында тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде иштеп баштайт».

Тиркемени акысыз көчүрүп алууга болот. Ичинде бир топ бөлүмдөр бар. Алар кыргыз жана орус тилинде окутулат. Атайын дүлөй балдар үчүн болгондуктан, ымдоо-жаңсоо аркылуу кошумча түшүндүрүлөт. Бул тууралуу «Техноленд» коомдук фондунун адиси Айзат Турдалиева билдирди.

«Бул тиркемени ар бир бала же ата-эне акысыз көчүрүп алса болот. Анда бир топ бөлүмдөр бар. Мисалы, мектеп, жаныбарлар, үй тиричилигине керектүү шаймандар жана башка бөлүмдөр кызмат кылат. Кыргыз жана орус тилинде окутат. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн болгондуктан, кол аркылуу ымдоо-жаңсоолор менен кошумча түшүндүрмө берет. Тиркеме 6-7 жаштагы балдарга даярдалган. Мектептин программасы менен даярдалган тиркеме».

Дүлөйлөр жана азиздер коомунун төрагасынын орун басары Канат Жапаров тиркеме дүлөй балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн эң жакшы колдонмо экенин белгилейт.

«Угуум начар болгондуктан, бул тиркеменин ишке киришин колдойм. Жаңы коомдун майып балдары үчүн эң жакшы, пайдалуу нерсе. Алар биздин убактагыдай кыйынчылыктарга туш болушпайт. «Дилгир» тиркемесине болгон үмүтүм чоң. Угуусу начар балдар да кадимки балдардай эле дүйнө таанымын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат».

«ДИЛГИР» тиркемесин «Play Marketтен» көчүрүүгө болот. Анда балдардын билим деңгээлин текшерүү максатында бир топ оюндар жүргүзүлүп турат. Тиркеме ушул жылдын март айынан тарта өз ишин баштайт. Кулагы укпаган, адамдар менен аңгеме курууда кыйынчылыктарга туш болгон балдардын билим алуусуна өтө зор өбөлгө түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM