Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга электромобилди жайылтуу маселеси каралды

Коом | 26 Фев 2021 | 777 | 0

Бүгүн, 26-февралда Экономика жана финансы министрлиги Кыргызстанга электромобилдерди киргизүү үчүн жол картасын иштеп чыгуу маселесин караган тегерек үстөл өткөрдү. Талкууга мамлекеттик сектордун, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, донорлор жана эксперттер катышты.

Жыйындын башталышында тегерек үстөл өткөрүүнүн негизги максаты, анда талкуулана турган маселер боюнча Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору Алмаз Исанов маалымат берди.

«Бул жолугушуунун максаты — кубаттоочу инфратүзүмдү киргизүү үчүн резолюция кабыл алуу, «Кубаттоочу бекеттерге техникалык шарттарды берүү жөнүндө» буйруктун долбоорун талкуулоо жана кабыл алуу, ошондой эле өлкөдө электр транспортун киргизүү боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу. Электромобилдерди ишке киргизүү — автоунаадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуунун бир жолу. Энергиянын жаңыланып туруучу булактарына өтүү менен айкалыштырып, климаттын өзгөрүшүнө жана абанын булганышына туруштук берүү болуп саналат». 

«Электромобиль» ЖЧКсынын директору Замир Чаргынов көп кабаттуу үйлөрдүн жанында кубаттоочу бекеттердин жоктугу Кыргызстанда электромобилдерди жайылтууда негизги тоскоолдук болуп саналарын айтат. Анын пикиринде, турак жай секторунда кубаттоочу станцияларды куруу электромобилдерге өтүүнү жеңилдетмек. Ошол эле учурда бул унаа каржылык жактан кыйла пайдалуу болмогун белгилейт. Маселен, электр энергиянын кошумча нарк салыгын кошкондо, 2,5 сомдук тарифке ылайык, электромобилде жүргөн адам 100 чакырымга болжол менен 35 сом коротот. Ички күйүүчү кыймылдаткычтагы унаа 100 километрге 10 литр май ичет деп эсептесек, азыркы тариф менен 390 сом сарпталат.

Ал эми «Promotank» консальтинг компаниясынын жетекчиси Азамат Акелеев электр унаасын жайылтуу үчүн бул ишти Өкмөт өкүлдөрү өздөрү баштап бергенин туура көрөт.

«Кыргызстанда электромобилди көбөйтүү үчүн мамлекет бир канча жеңилдиктерди киргизсе болмок. Мисалы, борбордогу унаа токтотуучу жайларга бекер кылып койсо. Ушул сыяктуу бир канча льготаларды киргизсе жакшы болот эле. Эң негизгиси, өкмөттөгүлөр өзүлөрүнүн кызматтык унааларын электромобилге алмаштырса, чоң үлгү жана чакырык болмок». 

Маалыматтарга таянсак, дүйнөдө 6 миллиондон ашуун, ал эми Кыргызстанда 100 электромобиль бар.

Copyright © 2017 Maral FM