Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин Жапаровду Кытайга чакырды

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 556 | 0

Президент Садыр Жапаров Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдар, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар талкууланды.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ай календары боюнча өтүп кеткен Жаз майрамы менен куттуктады. Ал Кытай тарапка ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде Кытай Өкмөтүнүн Кыргызстан элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Си Цзиньпин Садыр Жапаровду президенттик кызматына расмий киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктады жана Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM