Биз менен байланышыңыз

Азык-түлүк былтыркы жылга салыштырмалуу 50%га кымбаттады

Коом , Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 710 | 0

Кыргызстанда акыркы айларда негизги азык-түлүктүн баасы өсүп, айрымдары өткөн жылга салыштырмалуу 50 пайыздан ашык кымбаттап кетти. Мисалы, суу майдын литри 60 сомго, эттин килограммы 100 сомго кымбаттаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь айына салыштырганда, быйыл январда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасы жалпы жонунан 18,5% пайызга көтөрүлдү.

Бааларды көзөмөлдөгөн Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, мындай кырдаал биринчиден, өлкөнүн импортко көз каранды экенин айгинелейт, экинчиден, Кыргызстан товар алган өлкөлөрдөгү абал да түздөн-түз таасирин тийгизет.

«Баалар негизинен бүгүнкү күндө монополияга каршы орган тарабынан жөнгө салынбайт, ички жана сырткы сезондук фактордун негизинен өзгөрүп, өйдө-ылдый болуп турат. Бүгүнкү күндө биз көбүнесе импортко көз каранды болгондуктан, сырткы фактор да таасирин тийгизип жатат. Баанын негизсиз көтөрүлүшү боюнча күн сайын иш алып барып жатабыз, өкмөттүн тапшырмасы бар, өзүбүздүн да пландык иштер бар. Аймак түзүмдөрү аркылуу сурамжылоо, талдоо, ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз». 

Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан азыр маанилүү деп эсептеген азык-түлүктүн үч түрү боюнча өзүн камсыздай алат. Алар: сүт, картошка, жашылча жана бакча жемиштери. Ун жана өсүмдүк майы толугу менен импортко көз каранды. Сырттан ташылган азык-түлүктүн баасы көпчүлүк учурда ошол азык өндүрүлгөн өлкөдөгү түшүмдүн көлөмүнө жараша бааланат. Ага жол жана башка чыгымдар кошулганда баа да өсөт, демек бааны базар аныктап турат.

Copyright © 2017 Maral FM