Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров жаштарды англис тилин үйрөнүүгө чакырды

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 748 | 1
Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Слово Кыргызстана» гезитинин 19-февралдагы санына жарыяланган макаласында айтат.

Ал кыргыздар негизги маалыматтарды орус тилинде алганы менен мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө да бир топ жылыштар байкалганын белгилейт.

«Жаштар, ырчылар, актерлор кыргыз тилинде сүйлөп, мыйзамдар жазылууда. Кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшү керек. Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили. Ал мыйзамдык жактан жакшы корголгон, анын макамы Конституцияда белгиленген. Мен президент жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги катары, бул маселедеги саясий манипуляциялоо аракеттерине чечкиндүү каршы турам», — дейт президент.

Жапаровдун пикиринде, орус тили — заманбап адабиятты жана маданиятты түшүнүүдө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан байланыштын куралы. Ошону менен бирге Садыр Жапаров чет тилдерди, айрыкча, англис тилин кошумча үйрөнүү бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилейт.

«Азыркы жаштар эки же андан ашык чет тилде сүйлөп, коомдо жакшы тенденция түзүлдү. Англис тили дагы эл аралык баарлашуунун тили болгондуктан, мен жаш муундун өкүлдөрүн чет тилдерди тереңдетип окууга чакырам», — дейт Жапаров.

1 пикир

1 пикир

  1. Зарина

    19.02.2021 19:38

    Эн туура бугунку кундун талабы ушундай англис тилин терен уйронуп миграцияны Америка жана Канада олколору мн тузуш керек. Орусияда айлыктар кунумдук жашоого гана жетип оор жумуштарда иштеген мигранттарга койгой жаралып жатат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM