Биз менен байланышыңыз

Жарандыгы жокторду да эмдөө үчүн алгоритм иштелип чыгат

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 369 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы өкүлү Ханс Ф. Шоддер менен жолукту.

Анда БУУнун өкүлү Кыргызстанга келишимдерди түзүү аркылуу каржылык жардам көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады.

Ализа Солтонбекова министрлик коронавируска каршы вакциналарды алуу жана Орусиянын вакцинасын биргелешип өндүрүү аракетин көрүп жатканын билдирди. Ошондой эле кайрылман макамы бар жарандарды жана качкындарды, жарандыгы жок адамдарды вакцинацияга кошуу үчүн алгоритм иштелип чыгарын белгиледи.

Иштин жыйынтыгында, БУУ менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ортосунда тыгыз кызматташтык боюнча макулдашылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM