Биз менен байланышыңыз

АКШ Париж келишимине кайтып келди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 598 | 0

АКШ 4 айлык тыныгуудан соң, 19-февралдан тарта кайрадан климат боюнча Париж келишиминин мүчөсү болот.

АКШ президенти Жо Байден шайлоо алдында эгер жеңишке жетсе, адегенде эле Американы Париж келишимине кайтарарын айтып келген.

Ошол эле учурда Байден атаандаш энергия булактарын өнүктүрүүнү жана федералдык департаменттердин паркын электромобилдерге өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгын кошумчалаган.

АКШнын 46-президенти болгон Байден 20-январда инаугурациясынан соң, келишимге кошулуу жарылыгына кол койгон. Американын Париж макулдашуусунан чыгуу процесси жылдап созулганына салыштырмалуу кайтуу процесси 30 күндүк убакытты алды. Эми АКШ 4 айлык тыныгуудан соң, 19-февралдан тарта кайрадан климат боюнча Париж келишиминин мүчөсү болот.

Келишимден чыгуу демилгесин өлкөнүн мурунку президенти Дональд Трамп 2017-жылы көтөрүп чыккан. Америка лидери бул келишим экономикага залакасын тийгизип, өндүрүштүн азаюусуна жана жумуш ордунун кыскарышына алып келерин айтууда. Дүйнө өкмөттөрү Трампты келишимден чыкпоого чакырып келгенине карабастан, 4 жылга созулган тартышуунун натыйжасында 2020-жылдын ноябрында Америка расмий түрдө келишимден чыккан.

2015-жылдын 12-декабрында Франциянын борбору Париж шаарында 195 өлкө алгач ирет климаттык өзгөрүүлөргө каршы биригип, Париж макулдашуусуна кол койгон. Анда атмосфераны булгоочу күнөсканалардан чыккан көмүр кычкыл газын азайтуу айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM