Биз менен байланышыңыз

18-февралда карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 398 | 0

Эртең, 18-февралда өлкө аймагында күн жылуу болуп, жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 19…24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 19…21 градус болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM