Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад милициясы профилактикалык иштерди улантууда

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 434 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан профилактикалык жумуштар улантылууда.

Облустук мекемеден кабарлагандай, Токтогул, Сузак, Тогуз-Торо райондорунда ички иштер бөлүмдөрү тарабынан мектеп окуучулары менен жолугушуулар уюштурулду. Анда мектеп рекетчилигин жана башаламандыктарды болтурбоо багытында жогорку класстардын окуучулары менен маектешүүлөр орун алып, аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу жана жол эрежелерин сактоо керектиги эскертилди. Ошондой эле, ИИМ кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте айыл аймактарды кыдырууларды улантып жатат. Алар жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын жана сунуштарын жеринде кабыл алышууда.

Сузак РИИБнин көчмө кабылдамасы жыл башынан ушул күнгө чейин 20 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 25 кайрылуу кабыл алган. Ал эми Тогуз-Торо РИИБнин көчмө кабылдамасы райондун эң алыскы айылдарына чейин 17 ирет барып, ар түрдүү мазмундагы 49 арыз-даттануу жана сунуштарды кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM