Биз менен байланышыңыз

Юстиция министри БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү менен жолукту

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 431 | 0

Бүгүн, 17-февралда Юстиция министри Асел Чынбаева БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ханс Фридрих Шоддер Асел Чынбаеваны кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, эки тараптын мындан аркы кызматташтыгы жемиштүү уланарына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, качкындардын жана башпаанек издеген адамдардын укуктарын коргоо жана жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу боюнча өз ара аракеттенүү багыттары талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM