Биз менен байланышыңыз

Галина Байтерек: Муфтийдин кызматтан алынышына президенттин тиешеси жок

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 537 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда айтылып жаткан «Максат ажы Токтомушевдин муфтийлик кызматтан алынышына өлкө жетекчилигинин тиешеси бар» деген маалыматты төгүндөдү.

Социалдык тармактарда белгисиз адам президент Садыр Жапаровдун ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылгандыгын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган.

Галина Байтерек белгилегендей, мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана ал чагымчыл мүнөздө.

Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.

Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, мындай жалган жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM