Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун сметалык баасы бекитилди

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 501 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо үчүн сарптала турган акчанын сметасын бекитти. Маалым болгондой, шайлоолорду даярдоого жана  өткөрүүгө жалпы 425 243,5 миң сом сарпталат.

Өнөктүк 11-апрелге белгиленген. Анда жалпы 448 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт, алардын ичинен 421и айылдык кеңеш жана 27си шаардык кеңеш.

Сметага участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бериле турган сый акынын суммасы киргизилген: 53 АШКда – 638 адам, 2276 УШКда – 28498 адам, буларга акы төлөө шайлоолорду даярдоо убагында айына 2 миң – 3 миң сомду түзөт (бир шайлоо комиссиясында адатта комиссиянын 11-13 мүчөсү иштейт), автоматтык эсептөөчү шаймандардын 2222 оператору үчүн, ошондой эле шайлоонун алдындагы күнү жана шайлоо күнүндө коопсуздукту сактоо үчүн ишке тартылган ИИМдин 4636 кызматкери үчүн күнүмдүк каражат да кирет.

Ошондой эле смета шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө зарыл болгон товарларды жана кызматтарды сатып алуучу чыгымдарды, мындан башка  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жабдуулардын операторлору үчүн окутуучу иш-чаралар менен кызматтык жол жүрүүлөрдүн, байланыш кызматынын, предметтерди жана материалдарды сатып алуу үчүн, жабдууларды жана материалдарды ташуу үчүн транспорттук чыгымдарды, жана материалдарды жеткирүү чыгымдарын камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM