Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдү» иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 844 | 0

Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында «Кумтөр» алтын кенине байланышкан маселелерди иликтөө үчүн адепутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиялык топко пропорционалдык негизде фракциялардан мүчөлөр тандалды. Ага «КСДП» фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Айнуру Алтыбаева, Саматбек Ибраев, «Республика-Ата журттан» Умбеталы Токторалиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» Замирбек Эсенаманов, Урмат Самаев, «Өнүгүү-Прогресстен» Осмон Турдумамбетов, «Бир болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев кирди.

Комиссия түзүү тууралуу демилгени депутат Жыргалбек Турускулов көтөрдү.

«Кумтөр» боюнча жарандарыбызда суроолор көп, экологиялык абалы, берилип кеткен жер боюнча, запастар тууралуу дагы сөздөр бар. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм», — деди ал.

Турускулов белгилегендей, комиссия кенге тийиштүү өкмөттүн токтомдорунун аткарылуусу, жаратылыш коругунан берилип кетти делген 16 гектарлык жер боюнча иликтейт.

Ал башында ар бир фракциядан бирден мүчөнү каттоо сунушун киргизген. Бирок кээ бир эл өкүлдөрү депутаттык топто 6 гана киши болуусу аз экенин, ал эл арасында күмөндүү ойдун жаралуусуна алып келерин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM