Биз менен байланышыңыз

Этибарга алынбаган чек ара митинги

Коом , Саясат | 15 Фев 2021 | 1248 | 0

Бүгүн, 15-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча митинг өттү. Алар Кыргыз-Тажик жана Кыргыз-Өзбек чек арасындагы пайда болгон маселелерге бийлик тарап үн катпай жатканына нааразы.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы 40 гектардын тегерегиндеги жайытты тажик аскерлери 8-февралдан баштап кайтарууга алып, жергиликтүүлөрдү киргизбей койгон. Тургундардын айтымында, алар аталган жерде курулуш иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми Көк-Таш айылынын кире беришиндеги чек ара тилкесине тажик тарап көчөт отургузуп баштаганын жергиликтүү тургундар видеого тартып, бийлик буга тез арада чара көрүүсүн талап кылган. Бул боюнча өкмөт тараптан уруксат бар экенин, мындан улам кыргыз чек арачылары чара көрө албасын айтып, кабатырлануусун билдирген.

Соңку аптадан бери келаткан чек арадагы окуяларга кыргыз бийлиги бир да жолу үн ката элек болчу. Өкмөт үйүнүн алдындагы акциянын катышуучулары да чек арага олуттуу көңүл бөлүп, ага чара көрүүгө чакырык таштады. «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков акциядагы негизги талаптарды атады:

«Ак-Сай айылындагы тажик аскерлери ээлеп алган жайытты кайра ордуна коюу, Көк-Таш айылынын кире беришиндеги тажиктер казып, көчөт тиге баштаган жерди кайтаруу зарыл. 1991-жылы Кыргызстандын аймагы, чек арасы кандай болсо, ошол калыпты кайра ордуна койсун. Мамлекеттин коопсуздугу, бүтүндүгү биринчи орунда. Бирок, бул боюнча өлкө башчы ооз ачпай, майда нерселер менен алек».

Нааразылык акциянын катышуучулары Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына караштуу Кош-Болот айылында Кыргыз-Өзбек чек арасында абал курч экенин билдиришти. Аталган айылдын тургуну Эралы Турсуновдун айтымында, өзбек чек арачылары болжол менен 130 гектар жайытка кирип келип, зым тартуу иштерин баштаган. Бирок, элдин үнүн бийлик укпай келет.

«Төрт күндөн бери Өзбекстандан чек арачылар чыгып, зым тартуу аракетин кылып жатат. «1991-жылдагы» деген картаны көргөзүп жатышат. Аларга каршы эл гана чыкпаса, бийлик, жергиликтүү башкармалык тараптан эч бир чара көрүлгөн жок. Ошол талашып жаткан жерде акиташка керектелчү таштын кору бар. Алар бизге 3 күндүк мөөнөт берген. «Бийлик жообун бербесе, иштетип баштайбыз», — деген. Тилекке каршы, бийлик эч бир аракет жасаган жок». 

Митингчилер чек ара боюнча 8-февралда да пикетке чыккан. Ага өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча буга чейинки билдирүүлөрү себеп болгон. Марипов Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында «Төрт-Гүл суу сактагычынын баш жагын Тажикстанга алдырыптырбыз» деген. Баткен эли ага нааразы болуп, аталган аймак толугу менен кыргыз тарапка таандык экенин айтып чыгышкан. Андан соң Марипов экинчи билдирүүсүндө суу сактагычтын башындагы «головной» суу бөлүштүргүчү эмес, анын өйдө жагындагы Кайырма каналы тууралуу айтканын маалымдаган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Марипов айткан Кайырманын да тажик тарапка тиешеси жок. Активист Гүлжигит Исаков бийликтегилердин мындай билдирүүлөрү Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн кооптонууну пайда кылганын айтат.

«Премьер-министр кызматка келер алдында атайын Төрт-Гүл жөнүндө айтты. Аны жөн жеринен айткан жок. Азыртан айтып, коомчулукту көндүрүү аракети. Биз чочулай баштадык. Биз чочулоолорубуздун негиздүү болуп калышын каалайбыз. Тилекке каршы, коркуп жаткан нерселерибиз орундуу болуп калып жатат».

Митингдин башталышында акцияга чыккандардан эки өкүлдү президент Садыр Жапаров кабыл алары айтылган. Бирок, бир канча убакыттан соң, ал иш ордунда жоктугуна байланыштуу кабыл ала албай турганы маалымдалды.

Ал арада Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагындагы айрым жер тилкелери коңшу өлкөгө өтүп кеткени жөнүндөгү сөздөрдү четке какты.

«Көп жарандарыбыз кээде такталбаган маалыматтын негизинде «жерибиз өтүп кетти» деген дооматтарды коюп жатат. Бизде тийиштүү карталар, картографиялык материалдар бар. Ошол эле материалдар кошуналарда да бар. Ошолор менен биз такташып, макулдашып, кээ бир маалыматтарды Москванын архивдеринен таап келип, кошуналар менен далилдеп, чек араны чечип жатабыз».

Чек ара кызматынын маалыматында, 14-февралда Баткен районунун Суу-Башы деп аталган жеринде Баткен жана Сох багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Сүйлөшүүдөн кийин өзбек тараптын тактала элек тилкеге орноткон үч темир-бетон электр мамысы алынып салынган.

Copyright © 2017 Maral FM