Биз менен байланышыңыз

Быйыл Ош шаарында 73 миң түп көчөт отургузулат

Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 441 | 0

13-февралда Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунун Бахапов көчөсүндө көчөт отургузулду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Шаар башчысы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-аракеттерине даярдыктар жакшы жүрүп жаткандыгын белгилеп, шаардыктарды аяр мамиле кылууга чакырды.

«Быйылкы жылдын алгачкы көчөт отургузуу иш-чарасына катышып жатабыз. Бахапов көчөсүнө ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулууда. Шаардыктарды жана келген конокторду жасалып жаткан көрктөндүрүү иштерине көмөк көрсөтүп, тебелеп, жулуп кетип жаткан айрым бир терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырам. Бул иш-аракеттердин максаты шаарга көрк берип, жашыл зоналарды көбөйтүү болуп саналат», — деди Сарыбашов.

2021-жылы Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты тарабынан жалпысынан 650 түп ийне жалбырактуу, 450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM