Иликтөөчү журналист Улан Эгизбаевге арналып, «Чындык» форуму өттү. Улан 12-февралда 31 жашка чыкмак.
Иликтөөчү журналисттер фонду уюштурган иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Элина Каракулова жана иликтөөчү журналисттер катышты. Алар иликтөө жасоонун оош-кыйыштары тууралуу айтып беришти.
— Уланбекти туурап, көп балдар журналистикага келишти. Уланбек Эгизбаев атындагы башкы сыйлыкты биринчи жолу утуп алган журналист Ыдырыс Исаков да «Уланды көрүп шыктангам» деген…
Уланбек Эгизбаев бажыдагы коррупцияны иликтеген алгачкы журналист деп айтсак жаңылышпайбыз. Көп кырдуу талант кыска өмүрүндө коррупцияны, мыйзамсыздыкты ашкерелеген «Бажыдагы уурулук», «Көрүстөндөгү жер саткандар», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» сыяктуу бир катар иликтөөлөрдү жасады.
Эгизбаевдин иликтөөлөрү көпчүлүк кеситештерин журналистиканын туура багытына үндөдү. Алардын бири — журналисттик кесипти окуп бүтүп, ушул тармакта иштеп баштаган Дастан Каримов. Ал Уландын ар бир иликтөөсүн көрүп таасирленген.
— Мен илгертен журналист болууну аябай кыялданчумун. Кийин ошол максатым орундалып, журналистика факультетинде окуп жүргөндө Уланбек Эгизбаевдин бардык иликтөөлөрүн жума сайын көрүп, «Чыныгы журналист ушундай болушу керек экен», — деп таасирленет элем. Ал мени журналистиканын туура багытына үндөдү. Келечекте элдин көйгөйүн айткан, мамлекеттин акчасын кымырып жаткан коррупционерлердин бетин ачкан журналист болсом деген жакшы тилектерим бар.
Уланбек Эгизбаевди эскерүү максатында өткөн алгачкы «Чындык» форумунда журналисттер иликтөө жасоонун оош-кыйышы тууралуу айтып беришти. Иш-чара «Интерньюс Кыргызстандын» #TRACK деп аталган иликтөөчү журналисттерди колдоо долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор жергиликтүү иликтөөчү журналисттерди колдоо, журналистиканы өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүүгө коомду тартуу максатын көздөйт.
Кыргызстанда журналисттик иликтөө жасоо — татаал иш. Себеби ал көп убакытты талап кылат жана кооптуу. Анткени чындык баарына жага бербейт. Айрым иликтөөлөр бир жылга чейин созулат. Акыркы жылдары эл аралык донорлор иликтөө жасаган журналисттерге колдоо көрсөтүп, аларга окутууларды да жүргүзүп жатышат. Бирок эл аралык колдоо дайыма боло бербегендиктен, журналисттик иликтөөнүн келечеги — элдин колунда.
Медиаэксперт, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин баамында, Кыргызстанда мыкты иликтөөлөрдү жасаган журналисттер көбөйүп баратат.
— Эгер эл биздин коомдогу терс көрүнүштөрдүн бети ачылып, элдин байлыгын уурдаган адамдардын аты аталып, жазасын алышын кааласа, колдоо көрсөтсө, журналисттик иликтөө жакшы өнүгө баштамак. Айрым өлкөлөрдө ушундай тажрыйба бар, журналисттик иликтөө жүргүзгөн уюмдардын материалдарынын басымдуу бөлүгү элдик каржылоодон каржыланат. Бизде да ушундай нерсени кеңири таратсак жакшы болмок. Себеби эл аралык донорлордун колдоосу үзгүлтүксүз боло бербейт.
Кыргызстанда курч иликтөө жүргүзгөн журналисттердин саны көбөйүп калганы кубандырат. Анткени алар өз кезегинде башкаларга да устаттык кыла алышат да.
Улан Эгизбаевдин туулган күнүндө, 12-февралда жыл сайын иликтөөчү журналисттерге сыйлык тапшырылат. Быйыл «Иликтөөчү журналисттер» фонду жарыялаган конкурстун жыйынтыгында 1-орун «Телевизиондук Академия» коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко биргелешип даярдаган «Парки коррупционного периода» («Коррупцияга малынган Бишкектин гүлбактары») аттуу иликтөөсүнө ыйгарылды.
2-орунду «Клооп Медиа» даярдаган «Кольца коррупции» («Коррупция айлампасы») иликтөөсү алды.
3-орун «Медиа өнүгүү борбору» уюмунун астында Болот Темиров жана эркин журналист Али Токтакунов биргелешип даярдаган «Райымбек Матраимовдун бажыдагы сансыз туугандары» аттуу иликтөөсүнө берилди.
Мындан тышкары атайын сыйлыктар «Т-Медиа Групп» медиасы жана «Политклиника» басылмасына берилди.
Иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев 2018-жылы жай айларында кырсыктан каза тапкан. Ал көзү тирүү болгондо, бүгүн 31 жашка толмок.