Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин АКШ-Кытай мамилесин жакшыртууну каалайт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 923 | 0

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен телефондон сүйлөшүүсүндө, Бээжин-Вашингтон мамилесин жакшыртуу ниетин билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

«АКШ менен Кытайдын ар кандай маселелерде көз карашы ар башка болушу мүмкүн. Бир бул жагдай өз ара урматтоонун жана түшүнүшүүнүн алкагында иштиктүү чечилет деп ойлойм», — деди Си Цзиньпин.

Ал ошондой эле Кытай-АКШ саясий мамилесин туура аныктоо үчүн, жаңылыш кадамдарга жана талкууларга жол бербөө үчүн өз ара диалог түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары АКШ-Кытай мамилеси өтө татаалдашып баратканын, мамилелердин жакшырышы эки өлкө үчүн эле эмес, бүт дүйнө үчүн да маанилүү экенин айтты.

«Эл аралык кырдаал түпсүз туңгуюк шарттарында турганда, Кытай менен АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары көп жагдайды чечүүдө орду чоң. Биз «Азия-Тынч океан» келишиминде каралган аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту коргоого милдеттүүбүз. Эл аралык тынчтыкка жана өнүгүгүүгө тарыхый салым кошууга тийишпиз», — деди Кытай төрагасы.

Ал эми Байден баарлашуу учурунда өзүнүн артыкчылыктуу багыты америкалыктардын коопсуздугун, гүлдөп-өнүгүшүн, ден соолугун, эркиндигин, ошондой эле Индия-Тынч океан аймагын коргоо экендигин баса белгиледи.

Соңунда өлкө башчылары эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу боюнча тыгыз байланышта болууга макулдашып, бул алгачкы сүйлөшүүнү бүткүл дүйнө үчүн «позитивдүү коңгуроо» аташты. Ошондой эле Байден Си Цзиньпинди 12-февраль — Кытай элинин Жаңы жылы менен, ал эми Си Цзиньпин Байденди кызматка киришүүсү менен куттуктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM