Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Мэрдин милдетин анын орун басары аткарышы керек

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 473 | 0

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, шаардын мэри мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган учурда, анын милдетин биринчи вице-мэр аткарат. Ал жок болсо вице-мэр аткарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Ал Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна жаңы жетекчи дайындабай, мыйзам талаптарына ылайык анын милдетин орун басарлары аткарышы керектигин, 11-февралга белгиленген жергиликтүү шайлоодон кийин гана расмий жетекчи дайындаларын айтты.

— «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын 43-беренесинин, 9-пунктунда ылайык, шаардын мэри кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда анын милдетин биринчи-вице-мэр аткарат. Ал жок болсо вице-мэр аткарат. Бул — мыйзамдын талабы. Азыр сырттан башка бирөөнү алып келип, ызы-чуу кылуунун кереги жок, — деди Бокоев.

Белгилей кетсек, кечээ 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок, кийинчерээк президент Садыр Жапаров Нургазиевге байланыштуу бир катар доолор бар экенин айтып, мындай адам мэрликке татыктуу эмес деген пикирин жазып чыккан. Бүгүн өкмөт башчы Нургазиев тууралуу буйругун жокко чыгарып, анын ордуна Бактыбек Кудайбергеновду дайындаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM