Connect with us

«Жергиликтүү шайлоолордо «№2 Форма» менен добуш берүүнү жокко чыгаруу зарыл»

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 518 | 0

Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешов жергиликтүү кеңештерге шайлоодо «№2 Форма» менен добуш берүүнү жокко чыгаруу зарыл экенин белгиледи. Бекешов аны жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоору тармактык комитетте бир жылдан бери каралбай жатканын билдирди.

«Парламенттик шайлоодо «№2 форма» менен добуш берүүнү жойду. Президенттик шайлоодо да колдонгон жокпуз. Бирок, жергиликтүү шайлоолордо калды. Мен ал жөнүндө мыйзам долбоорун жазсам, Конституциялык комитетте өтпөй турат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо эки жактан шайлоочуларды ташуу башталат. Тапшырма берсеңиз, комимтеттерн каралып, сунушталсын», — деди Бекешов төрагага.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM