Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Капаров Жаныбек Акматович кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал өз арызы менен кеткенин Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Капаров бул кызматка өткөн жылдын 10-октябрында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган. 2015-2016-жылдары ал Башкы штабды жетектеп турган.