УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди кармап, аны Биринчи май райондук соту 4-апрелге чейин камакта калтырды.
УКМКнын маалыматына ылайык, Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө Жумалиев менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаты медициналык университеттин чыныгы ээси экендигин, лицензияны мыйзамсыз алгандыгын ачыктаган.
«Лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок, Жумалиевдин таасири алдында министрликтин жетекчилиги комиссиянын корутундусун оң жагына өзгөртүп, окуу жайга лицензия берилген», — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат Жумалиев жана анын жакындары кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыганы боюнча фактыларды аныктаган. Мындан тышкары 78ге жакын объекти табылган. Мурда Жумалиев менчиктештирип, кийин анын жакындарына өтүп кеткен «Таатан», «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кендер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания бар экени далилденген.
Белгилей кетсек, Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев бул кызматка келе электе эле Кубанычбек Жумалиевдин мыйзамсыз байыганын айтып, мүлкүн текшерүүнү талап кылып келген. Кийин 4-ноябрда Финпол Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлоруна жана ага таандык менчик жогорку окуу жайына тинтүү жүргүзгөн. Ал эми Жумалиев мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашпаганын, байлыктарын адал жол менен тапканын айтып чыккан.
4-февралда Жапыкеев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына УКМКнын Жумалиевдин кармаганы боюнча пикир калтырды. Анда Жапыкеев УКМК коррупция жана өзгөчө оор, ири мааниге ээ кылмыштарды иликтеп, аны менен күрөшөрүн, ал эми Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөрүн түшүндүргөн. Ошол эле учурда финполдун депутатка алы жетпесе да, анын балдарын камаганын, бирок, алар сот аркылуу бошонуп кеткенин жазган.
Жумалиев ушуну менен акыркы аптада камалган экинчи премьер-министр болуп калды. Буга чейин ушул жуманын ичинде мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да камакка алынган болчу.
Бул боюнча экс-депутат Каныбек Осмоналиев кылмыш кылган адам кандай кызматта болбосун, күнөөсү далилденип, жоопко тартылышы керек деген пикирде.
«Эртеби, кечпи, Жумалиевге баары бир кылмыш иши козголушу керек болчу. Катардагы эле илимпоздун жомоктогудай байып кетиши мүмкүн эмес. Андай болушу үчүн мыйзамды бузуу керек, салыктарды төлөбөө керек, каалаган мүлктү басып алуу керек. Анын мүлктөрдү басып алуусуна көмөктөшкөндөр да жазага тартылышы керек».
Ал эми саясат талдоочу Айданбек Акматов Жумалиевди менчиктештирүүгө байланыштырып кармаса, анда бул багытта бардык тараптарга бирдей мамиле жасалышы керек деп эсептейт. Себеби Аскар Акаевдин тушунда көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер, анын катарында Жумалиев да бир канча мүлктү менчиктештирип алган.
«Эгер мурдагы менчиктештирүү мезгилиндеги иштерди козгой турган болсок, анда баарына тегиз мамиле кылышыбыз керек. Ал тандамал болбошу керек. Бирок, андан мурда бийлик азыркы күндө болуп жаткан коррупциялык иштер менен алектенгени жакшы. Көбүрөөк экономиканы жакшыртууга басым жасоосу керек. Мурдагы иштер менен бири-бирин чукуп, кубалап, эч нерсеге жетишпейбиз. Тескерисинче, бизнесмендер сыртка чыгып кетип, мүлктөрүн жашырып, өзүбүздүн берекебизди кетиребиз деген чочулоо бар».
Акыркы мезгилде мамлекеттин мүлкүнө зыян келтирген тараптар кармалып, тергөө менен кызматташуу деген беренеге таянуу менен келтирилген зыяндар казынага өндүрүлүп, алар бошотулууда. Айданбек Акматов мындай учурда күнөөлүүнүн кандайча зыян келтиргенин негиздеп, коомго ачык айтылышы керектигин белгилейт.
«Негизи, алган акчасын кайтарып, бошонуу — жакшы тажрыйба. Бирок, мында ачыктык болушу керек. Коом канча зыян келтирип, канча төккөнүн билип турушу керек. Мисалы Раим Матраимовду 2 млрд төлөөгө милдеттендирди. Бул сан кайдан алынды? Кайсы келтирген зыяны үчүн бекитилди? Канча зыян келтиргенин ким эсептеп чыгарды? Бул суроолорго жооп ачык болбосо, органдарга болгон ишенбөөчүлүктү пайда кылат».
Кубанычбек Жумалиев 1991-1995-жылдары Улуттук илимдер академиясында иштеген. 1996-1998-жылдары Кыргызстандын Өкмөтүн жетектеген. Андан соң бир катар жогорку кызматтарда иштеп, 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.