Биз менен байланышыңыз

Төрт-Гүл: Өкмөт менен Мариповдун эки башка маалыматы

Саясат | 4 Фев 2021 | 1183 | 1

Жогорку Кеңештин 3-январдагы жыйынында премьер-министр Улукбек Мариповдун Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айткан сөзү коомчулуктун нааразылыгын пайда кылды. Анда Марипов: «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деген.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында да Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айтылган маалыматты тез арада териштирүү маселеси көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов бул жагдай боюнча Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын угууга чакырып, эгер каналдын башка жактарга берилип кеткени чын болсо, депутаттык комиссия түзүү керектигин белгиледи.

«Бул аймак стратегиялык чоң мааниге ээ. Эгер Мариповдун сөзүнө ишене турган болсок, анда иш чатак. Андыктан, тиешелүү комитетке тапшырма берилип, Тышкы иштер министрлигинин маалыматын жабык угалы. Эгер жагдай Марипов айткандай болсо, депутаттык комиссия түзүшүбүз керек. Жакында жазгы талаа иштери башталат. Ошондуктан тез арада күн тартибине киргизип коюуңарды суранам», — деди Икрамов.

Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан суу сактагыч аймактагы 11 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат. Бул маалыматты уккан жергиликтүү калк да тынчсызданып жатышат. Баткен районундагы Жаңы-Бак айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Аманбай Абдилаким уулу аталган каналдын тажик тарапка эч кандай тийиштиги жок экенин айтат.

«Мариповдун айткандары 100% чындыкка дал келбейт. Төрт-Гүл суу сактагычына кеткен суунун башын «головной» деп атап коебуз. Ал — толук Кыргызстанга караштуу. Өкмөт башчынын айткан сөзүн угуп таң калдык: «Кандай документ, кандай келишимдин негизинде өтүп кеткен?» — деп». 

Ал эми Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн суу пайдалануу ассоциациясынын жетекчиси Уланбек Калбаев аталган канал толугу менен Кыргызстандын карамагында экенин, аймакты кыргыз чек арачылары кайтарып турарын маалымдады.

«Тажиктер бул сөздү уккандан кийин, аны негиз кылып талаша баштайт. Бийликтин өкүлүнүн антип айтканы туура эмес. Мен суу чарба тармагында иштейм. Жакшы билем, далилдеп да бере алам, бул жердин тажик тарапка тиешеси жок». 

Ал арада бүгүн 4-февралда Кыргыз өкмөтү премьер-министр Мариповдун айткан сөзүнө түшүндүрмө берип, Төрт-Гүл суу сактагычы жана ага куйган каналдар Кыргызстанга карай турганын билдирди.

«Кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча атайын өкүлү маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү укук талаасында жүргүзүп жатат. Баса белгилеп айтчу нерсе, Төрт-Гүл суу сактагычы жана ага куйган каналдар Кыргызстанга карайт. Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Суусунун көлөмү 90 млн кубду түзгөн Төрт-Гүл суу сактагычы Баткен облусунун аймагына 1972-жылы курулган. Бүгүнкү күндө ал Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

1 пикир

1 пикир

  1. Бушарипа

    04.02.2021 21:27

    Премьер министр Марипов оозуна келгенди айтып койгонго кандай укугу бар.Баткен эли ото кабатыр. Марипов жонокой инсан эмес да. Эми кантип иштейт.Областык жетекчилерге кайрылганыбызда Марипов тараптан эч кандай тузотуу билдируу болгон эмес.Садыр Жапаров Мариповдун бул билдируусу учун ИШИЕН ЧЕТТЕТИЛИШ КЕРЕК

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM