Биз менен байланышыңыз

2019-жылы салык жана бажы боюнча план толук аткарылган эмес

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 387 | 0

Жогорку Кеңеш 4-февралдагы жыйынында 2019-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карады.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, депутат Эмил Токтошев 2019-жыл үчүн республикалык бюджеттин кирешеси 97,6 пайызга аткарылганын белгиледи.

Анын ичинен кирешелер Салык кызматы боюнча 97,6%га, Бажы кызматы боюнча 96,8%га аткарылган.

Жыл ичинде бекитилген бюджетке карата Салык кызматы боюнча план 6,6 млрд сомго, Бажы кызматы боюнча 5,4 млрд сомго азайтылган. Бирок ага карабастан план толук аткарылган эмес.

2019-жылдын бюджеттинин чыгашасы 92,2%га аткарылган. Корголгон беренелер 100% аткарылып, корголбогон беренелер толук каржыланган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM