Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» фракциясынын курамынан чыгарын билдирди.
Ал фракциядан тыш депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берерин айтты.
Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен 2012–жылы V чакырылышка, 2015-жылы VI чакырылышка депутат болду.