Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: 205 бейтап акысыз гемодиализ ала баштады

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 413 | 0

Бөйрөк оорусунун 5-стадиясы менен жабыркап, өз каражатына гемодиализ алып жүргөн 205 бейтаптын дарылануусун мамлекет каржыламай болду. Бул тууралуу өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов кабарлады.

Анын маалыматы боюнча, бул бейтаптар былтыр июнь айынан бери кезекте турушкан, быйыл 1-февралдан тарта бекер дарылана башташты.

Мамлекеттин эсебинен жалпы 1896 адам акысыз гемодиализ алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM