Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бул жолу өтө кесипкөй, чарчабаган өкмөт келди

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 526 | 0

Депутат Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынында өкмөттүн жаңы курамы реформатор болорунан үмүт кыларын айтты.

Ал өкмөттүн программасын жазууда «модернизация» деген сөздү көбүрөөк колдонууну өтүндү.

«Бул жолу өтө кесипкөй, чарчабаган өкмөт келди», — деп, чоң үмүт артып турабыз. «Бул өкмөт реформатор болсун», — деп Улукбек Асамидиновичке айттык. Бирок бул сөзгө абдан чоң маани берүү керек. Буга чейин 32 өкмөт реформа кылабыз деп, аягына жеткен жок. Ошондуктан реформага өтө кылдат мамиле кылсак. Коомдук өзгөртүүнүн төрт түрү бар: эволюция, революция, реформа, модернизация. Модернизация деген сөздү чечмелесек, бул — бир нерсеге азыркы замандын талабына жараша жаңы түр берүү деп айтылат. Силер дагы өкмөттүн жаңы программасын жазып келүүдө модернизация деген терминди көбүрөөк колдонсоңуздар. Депутаттар да абдан тажрыйбалуу, жумушчу топко аларды да киргизүү керек», — дейт Саматбек Ибраев.

Марипов сунуштаган өкмөт мүчөлөрү. Акыркы тизме

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM