Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн жаңы курамы ант берди

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 1147 | 1

Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында ант берди. Ага президент Садыр Жапаров да катышты.

Расмий түрдө ишке киришкен өкмөттүн курамы мурдагыга салыштырмалуу 22ден 16га кыскартылган.

Алар:

Улукбек Марипов, Премьер-министр

Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр

Улукбек Карымшаков, Экономика жана финансы министри, вице-премьер-министр

Жеңиш Асанкулов, Өкмөттүн аппарат жетекчиси

Руслан Казакбаев, Тышкы иштер министри

Таалайбек Өмүралиев, Коргоо министри

Аскар Жаныбеков, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри

Кубанычбек Турдубаев, Энергетика жана өнөр жай министри

Улан Ниязбеков, Ички иштер министри

Гүлмира Абдралиева, Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри

Бообек Ажикеев, Өзгөчө кырдаалдар министри

Асел Чынбаева, Юстиция министри

Кайрат Иманалиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри

Алмазбек Бейшеналиев, Билим берүү жана илим министри

Алымкадыр Бейшеналиев, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри

Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн 3-февралдагы жыйынында премьер-министрлик кызматына Улукбек Мариповду, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн, курамын бир добуштан колдоп берди.

Copyright © 2017 Maral FM