Биз менен байланышыңыз

«Эгемендиктин баркын түшүнмөйүнчө өнүгүү болбойт»

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 356 | 0

Быйыл Кыргызстандын эгемендик алганына отуз жыл болду. Кризис маалында бул иш-чараны өткөрүүгө мал союунун кажети жок.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Ал жаңы түзүлүп жаткан өкмөттү эгемендиктин баркы тууралуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

«2021-жыл — оор жыл, бирок салтанаттуу да жыл. Быйыл — эгемендиктин отуз жылдыгы. Ага мал союунун кажети жок. Эл-журтка эгемендиктин баркын, наркын түшүндүрмөйүнчө, биз кризистен чыга албайбыз. Дүйнөдө 7 миң улут бар, бирок 193 эле мамлекет бар. Биз эгемендиктин кунун билмейинче, бул карыздан чыга албайбыз. Ошондуктан түшүндүрүү иштерин биздеги Маданият, Билим берүү, Тышкы иштер министрликтери жүргүзүшү керек», — деди Иманалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM