Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор баарын чечип калган

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 1119 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун таасири өсүп кеткенин билдирди.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтор мамлекеттик кызматка ким барарын, ким депутат болуп, ким бизнес менен алектенерин чечип калган.

«Мындан ары уюшкан кылмыштуу топтор биздин өлкөдө жашабайт. «Смотрящий», «вор в законе» болугусу келгендер башка өлкөгө барып жашасын. Коррупция мамлекеттик кызматта эле эмес, бизнесте да күчөп кеткен. Кечээ эле бир бизнесмен Кытайдан 7 контейнер алып келиптир. Болгону жүзгө жетпеген телевизор алып келгенин көрсөткөн. Ичин ачып карасак, 7 миң телевизор чыкты. Мына, мамлекетке түшө турган акча. Ошонун негизинде бүгүн 30 млн сом төлөп жатат. «Подиум» дүкөнүнүн ичинде 140 миллион сомдук товар бар экен. Айына 4 миң сом гана салык төлөйт экен. Алар жок дегенде айына млн сом төгүп турушу керек эле. Мындай бизнесмендер көп. Бул фактыларды жоюп, бюджетибизди көтөрүшүбүз керек. Биздин уюшкан кылмыштуу топторго каршы, коррупцияга каршы күрөшүбүз уланат. Наркобизнеске каршы да иш жүргүзүп жатабыз. Аларды жакында ачыкка чыгарабыз. Арасында генерал чиндерин алып, ошолор менен чогуу иштегендер бар. «Сен мага тийбе, мен сага тийбейин» деп жүрө берсек, эч нерсе өзгөрбөйт ал үчүн чечкиндүү кадамдарга баралы», — деди Камчыбек Ташиев.

Ташиев мындан тышкары УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2020-жылдын 10 айында 116 миллион сомдун тегерегинде акча өндүргөнүн айтты.  Ал эми өзү келген ноябрь, декабрь айларында 2 млрд 800 млн сом бюджетке кайтарылган.

«Биз азыр, эгер  пара алганы аныкталса, «келтирген зыянын төлөп берип, тергөө менен кызматташты» деген беренени колдонобуз. Бул аларды бошотконго шарт түзөт», —деди Ташиев.

Copyright © 2017 Maral FM