Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Министрликтерди эмес, салыкты, бюрократияны кыскартуу керек

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 557 | 0

Министрликтердин санын кыскартуу реформа эмес. Андагы бюрократияны жоюу — реформа. Мындай пикирин парламенттин 3-февралдагы жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал буга чейинки 10 премьер-министрге иш козголуп, 5 өкмөт башчы түрмөдө отурганын эске салып, Мариповду элдин үмүтүн актаган, реформатор жетекчи болууга чакырды. Ошондой эле учурдагы өкмөттүн курамына эл арасында нааразылыктар бар экенин эске алуусу керектигин белгиледи.

«Коррупция тамыр жайып, мыйзамсыздык күчөгөн маалда эл көтөрүлүп, бийликти алмаштырды. Бир жигит көз жумду. Ушул окуядан кийн сиз келип жатасыз. Эл азыркы бийликтен «кереметти» күтүп жатат. Ишеним кредити сиздерде. Ал эми өкмөттүн азыркы курамына болгон элдин нааразылыгы бар. Ак үйдүн кире беришинде да эл каршылыгын билдирип турат. Министрликтердин санын кыскартуу реформа эмес. Тескерисинче, текшерүүчүлөрдүн, салыктын түрлөрүн, бюрократияны жойгонуңарда реформа десек болот эле», — деди Акаев.

Ошондой эле, элдин үмүтүн актоо үчүн Грузия, Казакстан, Сингапур өлкөлөрү сыяктуу Британиядан арбитраждык сотторду алып келүү керектигин билдирди.

Ал эми Улукбек Марипов жасап жаткан реформалары менен өлкөнү өнүктүрүү нитети күчтүү экенин эскертти.

«Грузияга Кыргызстандан делегация кайра-кайра бара берип, акырында өлкө жетекчиси эмес, жөнөкөй эле адистер тосо турган болуп калыптыр. Бара берип тажатпай, эми ошол окуп келгендерибиздин бир-эки пунктун ишке ашырабыз. Бир эле мисал, чек арада келген импорт, экспорт боюнча аз убакытта каттоого ала турган токтом кабыл алабыз. Бул бизнеске жакшы таасир берет. Ал эми текшерүүчүлөр боюнча реформаларды ачыктабай жасайбыз», — деди Марипов.

Copyright © 2017 Maral FM