Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 45,7 млн долларлык интервенция жасады

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 1029 | 0

Улуттук банк жыл башынан бери алгачкы интервенсияны жасады. Расмий сайтына жарыялагандай, 28-январда 45,7 млн доллар саткан.
Улуттук банк доллардын наркын туруктуу кармоо үчүн маал-маалы менен интервенция жасап турат.
2020-жылдын башында доллардын баасы 70 сомдон ашчу эмес. Бирок, ай сайын наркы өсүп, бир нече жолу 85 сомго чейин көтөрүлгөн учурлар болгон. Былтыр мунун айынан Улуттук Банк 30 жолу жалпы суммасы 518,5 миллион долларга жеткен интервенция жасоого аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 16:00дө доллардын кыргыз сомуна карата наркы 85 сом 80 тыйынды тузүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM