Connect with us

Жапаров: Мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, өз кызыкчылыгын көздөгөндөр жазаланат

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 559 | 0

Президент Садыр Жапаров өзү менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, кызмат орундарын сурап жаткандар бар экенин айтты. Бул тууралуу Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыялаган. Анда Жапаров аны менен бирге түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын тууралуу же маселесин чечтирүүнү каалагандар болсо, андайларга ишенбөө керектигин билдирген.

«6-октябрдан бери миңдеген жарандарыбыз менен сүрөткө түштүм. Айрыкча октябрь айларында кабылдамага ар кандай иштер менен келген адамдардын баары сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы деп суранса жок дей албайт экенсин. Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түшүү болду. Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм. Айтайын дегеним, адам баласы бар жерде баары болот дегендей, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат.Ошондуктан бирге түшкөн сүрөт көрсөтүп, маселемди чечип бер дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула. Жазасын беребиз”, — деп айтылат билдирүүсүндө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM