Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Миңдеген мигрант мекендештеримди өлкөгө кайтарам

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 482 | 0

Президенттик кызматка расмий киришип жаткан Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы калың элдин үмүтү уурдалбай турганын, кыргызстандыктардын ошол күндөгү койгон талабын жүзөгө ашыруу президенттик кызматындагы негизги багыт болорун белгиледи. Ошондой эле ал отуз жылдан бери бийликтин жүргүзгөн саясаты өлкөнү экономикалык каатчылыкка кептеп, элдин нааразылыгы астында бийликтин алмашуусу менен коштолгонун билдирди.

«Биз ар бир алты жыл сайын бийликтин тынч жол менен алмаштырылышып турушун, ири жетишкендиктерди чогуу майрамдайбыз деп кыялдандык эле. Биз парламентаризм идеяларын тескери түшүнүп, саясий маданиятты калыптандыруу мүдөөлөрүн, кадыресе бизнес долбооруна айландырдык. Тилекке каршы, коомдогу бир ууч топ гана баюунун үстүндө болду. Ал ортодо, коомдогу саясий жиктелүү күндөн-күнгө күчөп олтурду. Менчиктештирүүдөгү калпыстыктар, экономикалык жаңылыш саясат өлкөгө кедергисин тийгизди. Калың журттун чыдамы түгөндү. Андыктан 5-октябрдагы элдин койгон талабы, бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Бул жолу калың элдин үмүтү уурдалбайт. Калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Элдин ошондогу талабын жүзөгө ашыруу менин президенттик кызматымдын негизги мүдөө максаты болмокчу».

Ошондой эле ал экономикалык калпыс саясат өлкөдө жакырчылыкты жогорулатып, жумушсуздукту күчөткөнүн белгилеп, бул кырдаалдан чыгаруу үчүн болгон аракетин жумшарын билдирди. Экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырып, жумуш орундарын түзүп, тышкы миграцияны төмөндөтөрүн кошумчалады.

«Миңдеген мекендештеримдин мигрант атыгып, жакырчылыктын сазынан чыга албай, туш-тарапка тарап кеткени кабыргамды кайыштырат. Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу, жумушчу орундарды түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү, президент катары милдетим деп эсептейм».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM