Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде Кыргызстандын кубаттуу өлкөгө айлантууну кыялдана тургандыгын билдирди.
Өз сөзүндө Жапаров аталган аруу тилекти ишке ашыруу боюнча пландары президенттик программасында да камтылганын белгиледи.
— Элимдин ар бир патриот уул-кызы кыялдангандай эле, мен да Кыргызстандын экономикалык жактан ыкчам өнүккөн, адам укугу урматталган, мыйзам үстөмдүгүнө умтулган, жаштары келечекке оптимизм менен караган, эркин жана кубаттуу өлкөгө айланышын кыялданамын, — деди мамлекет башчысы Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал коомчулукту, өлкөдөгү бардык күчтөрдү: санаалаштарын, атаандаштарын, улуттук азчылыктарды жана диний топторду ынтымакка чакырды.